КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:45 | 28 жалган куран

Оштун мэри ажылык сапарга аттанган зыяратчылар менен жолукту

Дата: 14:07, 18-07-2019.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ –  Бүгүн, 18-июлда Ош шаарынан ажылык сапарга аттанган зыяратчыларды узатуу аземине шаар мэри Таалайбек Сарыбашов катышты. Калаа башчысы өз сөзүндө сапарга аттангандарга ак жол каалап, ыйык жерде мамлекеттин келечеги жана тынчтыгы үчүн бата кылууну суранды.

“Ажылык сапарга бараткандарга ак жол каалайм. Ажылык сапарга барганга быйыл сиздерге насип кылыптыр, баралбай калгандарга да бата кылып коюңуздар келерки жылдары кудай буйруп мусулмандардын беш парзынын бири - Меккеге зыярат кылуу насип кылсын. Ыйык жерде мамлекетибизге, элибизге бата кылыңыздар. Биз бактылуу элбиз. Өзүбүздүн мамлекетибиз, динибиз, маданиятыбыз, тарыхыбыз бар. Ажылык сапардан кайтканда да ушундай кубаныч менен тосуп алуу буйрусун”, - деди шаар башчысы.

Ош шаарынан быйылкы жылдын эсебинен 668 адам ажылык сапарга аттанды.

Поделиться новостью: