Ошто жер силкинди
Бишкек. 20 - август. КирТАГ – Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институна шилтеме берүү менен билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 07:45те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Иркештам айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.