КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:27 | 29 жалган куран

Ошто жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Дата: 15:37, 15-08-2019.

Бишкек. 15 - август. КирТАГ – Ош шаарынын Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгына жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы маалымдады.  

100 орундуу бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, курулуштун сапаттуу жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.   Бала бакча бардык шарты менен эки кабаттуу болуп курулат.

“Ош шаарына жыл сайын бала бакча курушубуз керек. Быйылкы жылы Юго-Восток жана Амир-Темирге бала бакча курабыз. Анткени аталган кичи райондордо бала бакча жетишсиз. Үнөмдөлгөн акчага үчүнчү бала бакчаны да куруу пландалган. Шаарда бала бакча тартыш. Ошондуктан жергиликтүү бюджеттин эсебинен бакчаларды куруп, маселени чечиш керек. Эң биринчи кезекте курулуштун сапатына көңүл бурулат”,-деди калаа башчысы Т. Сарыбашов.  

Мэр Амир-Темирдин жашоочулары менен да жолугушуп, жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.  

Бала бакча ушул жылы пайлаланууга берилет. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 23,7 млн сом бөлүнгөн.

Поделиться новостью: