Ошто ири суммадагы акчасын кумарканага уттурган жаран асынып алды

Дата: 17:58, 11-06-2019.

Бишкек. 11-июнь. КирТАГ  –   Ош шаарында кумарканага ири суммадагы акча уттурду делинген жаран өз үйүндө асынып каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-июнь күнү Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон.

"33 жаштагы жарандын асынып алганын жубайы көрүп милицияга жана ооруканага телефон чалган. Ал Ош шаардык ооруканасында 6 күн комада жатып, 8-июнь күнү каза болгон. Маалыматтар боюнча маркум ири суммадагы акчасын кумарканага уттурган. Учурда тийиштүү иштер жүрүүдө", - деди басма сөз кызматкери.

Поделиться новостью: