Ошто чет жаранын тоноого шектелген милиционерлер кармалды
Бишкек. 15 - октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Ош шаарында чет жаранын тоноого шектелген эки милиция кызматкери кармалган. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБ маалымдады.
Индия жаранын 1-октябрда белгисиз жаран 23-жаштагы Индия жаранын токтотуп, өзүн милиционер деп тааныштырып ВАЗ 2107 үлгүдөгү унаага отургузган. Алар Салиева көчөсүндө чет элдик жарандан 3000 миң сом алып, из жашырып кеткен.
Ушундай эле окуя, 11-октябрда да катталган. Эки милиционер 25 жаштагы Индия жаранын ВАЗ 2107 унаасына отургузуп, 100 доллар жана 2 миң сомун алып койгон.
Шектүү эки милиционер кармалды. Материалдар шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилди.