КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:21 | 23 чын куран

Ошто айылдык кеңештин депутаты пара менен кармалды

Дата: 10:45, 24-08-2018.

Бишкек. 24 - август. КирТАГ – Ош облусунда айылдык кеңшитни депутаты пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

«Финансы полициясы айылдык кеңештин депутаты жана «Он-Эки-Бел» айылдык башкармалыгынын жер маселелерин тейлеген адистеринин сыйлык катары мыйзамсыз пара алгандыгын аныктаган» - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, финполициянын Араван жана Ноокат райондук бөлүмүнө  «М.К.» атуу жаран айылдык кеңештин депутаты жана «Он-Эки-Бел» айылдык башкармалыгынын жер маселелерин тейлеген адистери 80 миң сом акча талап кылганлдыгын айтып кайрылган.

Жарандын кайрылуусу боюнча кылмыш иши козголгон.

Айылдык кеңештин жер маселелерин тейлеген адиси «К.И.» жана айылдык кеңештин депутаты «С.О.» 17-августта иш кабинетинен 50 миң пара алып жатканда кармалган. 19-август күнү Ноокат районунун «Он-Эки-Бел» айылдык кеңешинин депутаты пара менен колго түшкөн.  

Учурда кармалган Ош шаарындагы финполицияынын тергөө абагында кармалууда.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.



Поделиться новостью: