КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:44 | 20 чын куран

Орусиянын Оренбург облусунда жол кырсыгы болуп, кыргыз жана россиялык жарандар жабыркады

Дата: 11:15, 17-06-2019.

Бишкек. 17 - июнь. КирТАГ  –   Россиянын Оренбург облусунда эки кичиавтобус жол кырсыгына кабылып, 1 адам көз жумса, алтоо ар кандай жаракат алган.

Россиялык ММКлар кабарлагандай, жол кырсыгы 16-июнь күнү болгон. Жол кырсыгына кабылган “Hyundai” үлгүсүндөгү унаасында 8 адам, “Газель” үлгүсүндөгү унаада эки жубай небереси менен бара жатышкан.

Жыйынтыгында жол кырсыгынан 6 адам жабыркаган. Алардын төртөө кыргызстандыктар.

“Газель” унаасынан 59 жаштагы Александр Е. аттуу РФнын жараны көз жумган. 57 жаштагы Вера Е. аттуу жаран жана алардын 5 жашар небереси ооруканага жаткырылган.

Поделиться новостью: