КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:55 | 20 чын куран

Орок айылында тараптар элдешүүдө

Дата: 15:12, 06-06-2019.

Бишкек. 6-июнь. КирТАГ - Кечээ Орок айылында тургундар ортосундагы болгон окуядан кийин тараптар элдешүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов билдирди.

Ал ММКларда Орок айылында жергиликтүү тургундар уруша кетти деген кабар боюнча комментарий берди.

"Учурда тараптар элдешүүдө. Абал туруктуу, жаңжал жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ Орок айылында Айт намаздан кийин үч бала уруша кеткен. Урушкандардын бири бала арачалоого аракет кылып, жаракат алган. Жыйынтыгында эки бала ооруканага жеткирилсе, эки бала убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул окуядан кийин эл чогулуп ошол жерде жашаган кишилердин болжол менен 12 үйүнүн айнектери талкаланган. Бир үйдүн жыйылып турган чөбү өрттөлгөн.

Жыйынтыгында милиция кызматкерлери жалпы 32 кишини кармашкан. Кийинчерээк алар кое берилген.

Ички иштер министрлиги, Сокулук районундагы бейбаштыкты улуттар аралык чыр-чатак катары карабоо керектигин билдирген.

Поделиться новостью: