КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:22 | 19 чын куран

Оорукана куруу, түз аба каттамын ачуу. Кыргызстан менен Кореянын өкмөт башчылары жетишкен макулдашуулар

Дата: 15:45, 18-07-2019.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ –  Бишкекте Кыргызстанга расмий сапар менен келген Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин жолугушуусу аяктады.

Абылгазиевдин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жакын арада Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 150 орундуу имарат куруу боюнча Макулдашууга кол коюу макулдашылды.

"Эки тараптуу кызматташуудагы маанилүү маселелердин бири транспорт тармагы болуп келет. Бул тармакта Аба байланышы жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу Протоколго кол коюлду. Туристтик байланышты активдештирүү үчүн Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттамын ачуу маселесин сүйлөштүк", - деди ал.

Аны менен катар ал, Кореяга туризм, билим алуу, иш, бизнес ж.б. максаттары менен баргысы келген кыргызстандыктардын саны артып жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда Кыргызстанга келүүнү каалаган кореялыктардын да саны аз эмес. Маалыматтарга ылайык, Кореядан келген туристтердин саны 2015-2018-жыл аралыгында 7 миң 53төн 14 миң 389га чейин көбөйгөн.

Поделиться новостью: