Нур-Султан шаарында «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташуу форуму өттү
Бишкек. 16 - октябрь. КирТАГ – 2019-жылдын 16-октябрында Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташуу боюнча 12-Форумуна катышты.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Корея Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлери жана Түркмөнстандын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар техникалык стандартизациялоо, жашыл энергетика, ошондой эле IT-технологиялар чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө Форумдун мүчө-мамлекеттеринин кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Өз сөзүндө Ч.Айдарбеков Кыргызстан «Борбордук Азия – Корея Республикасы» Форумун туруктуу өнүгүүнү жана региондорду гүлдөп-өстүрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргызстандын Борбордук Азия жана Корея Республикасы менен практикалык өз ара аракеттенүү үчүн маанилүү платформа катары караарын баса белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыктары боюнча Форумдун 12-жыйынынын катышуучуларынын Биргелешкен билдирүүсү, ошондой эле Форумдун Катчылыгынын «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташуусунун 2020-жылга Жумушчу планы кабыл алынды.