КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:17 | 20 чын куран

Нарын облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө болду

Дата: 10:27, 15-07-2019.

Бишкек. 15 - июль. КирТАГ –  Нарын облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү саат менен 08:36да болгон.

Жер силкинүүнүн күчү Эпкин, Туз, Ак-Чий жана Чолпон айылында 3 баллга, Кум-Дөбө, Комсомол, Көк-Жарда 2,5 балл, ал эми Кочкордо 2 баллга жеткен.

Жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Поделиться новостью: