Мухаммедкалый Абылгазиев казак премьери менен болгон жолугушууда күйүүчү май маселесин көтөрдү
Бишкек. 12 - июль. КирТАГ – Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандан күйүүчү май жана мунайды Кыргызстанга ташуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу өкмөт башчысы Бишкеке расмий визити менен келген Казак Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен болгон жайык жолугушуусунда сөз кылды.
“Отун-энергетика комплексин өнүктүрүү максатында Кыргызстан Казакстандан күйүүчү май жана мунай ташуу маселесин чечүүгө кызыкдар. Биз бул документке Казакстандан кол коюларына үмүт кылабыз”, - дейт Абылгазиев.
Премьер эки элдин тарыхый кызматташуусу, стратегиялык өнөктөштүгү жана ЕАЭБге мүчөлүгү эки өлкөнү абдан жакындатаарын эскертти.