КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:57 | 25 чын куран

Москвада жөө адамдарды койдуруп кеткен таксист боюнча Орусия президентинин маалымат катчысы оюн билдирди

Дата: 09:01, 19-06-2018.

Бишкек. 19 - июнь. КирТАГ Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков кыргызстандык таксист Москвада жөө адамдарды койдуруп кеткен окуя боюнча комментарий берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

“Автокырсыктын адам өмүрүнө зыян келтирбегендигин укканда бир аз жеңилдедик. Жаракат алган адамдардын айыгып кетишин каалайбыз. Ал эми окуянын чоо-жайын билүү үчүн тартип коргоо органдарына кайрылган абзел", — деген Песков.

Эске салсак, Москвада такси айдап иштеп жүргөн КР жараны Чыңгыз Анарбек уулу ишемби күнү жол боюнда кетип бара жаткан жөө адамдарды койдуруп кеткен. Андан жети адам жаракат алган.

Окуя боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 264-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Поделиться новостью: