КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:42 | 18 чын куран

МКК: 1994-жылы чыгарылган улуттук үлгүдөгү 117 миң паспорт жоголуп кеткен

Дата: 12:32, 04-12-2019.

Бишкек. 3 - декабрь. КирТАГ – 1994-жылы чыгарылган улуттук үлгүдөгү 117 миң паспорт жоголуп кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Парламент бүгүн "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап, ал үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Вице-спикер Аида Касымалиева Кыргызстандын паспортторун жасалмалоо иштери көп болуп жатканын айтып, жакында эле Санкт-Петербургдагы мекендештер менен жолугушуу учурунда да ушул маселе көтөрүлгөнүн белгиледи.

Өз кезегинде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов азыркы паспортторду жасалмалоо таптакыр мүмкүн эмес экенин билдирип, Кыргызстандын жараны биометрикалык маалыматтарын тапшырмайынча эч кандай паспорт ала албай турганын белгиледи. Андан сырткары, 1994-жылкы паспортторду алмаштырууда эч кандай кошумча документ талап кылынбай, ошол паспорттун негизинде гана жаңы паспорт берилгенине токтолду.

"1994-жылы улуттук үлгүдөгү паспорттор кирип, 2005-жылга чейин берилген. Бардыгы 3 миллион даана паспорт жасалган. 2 миллион 883 миң паспорт каттоодон өткөн. Калган 117 миң паспорт жоголуп кеткен. РИИБдин паспорт столдорунда 100-300 паспорт жоголуп кеткен учурлар болгон", — деди ал.

Мамбетов өз сөзүндө паспорт системасы 2009-жылы Мамлекеттик каттоого өткөнүн айтып, азыр паспортту жөн эле алуу мүмкүн эместигин кошумчалады.




Поделиться новостью: