КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:00 | 20 чын куран

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн салтанатынан соң жетекчи иштен кетти

Дата: 13:24, 23-05-2019.

Бишкек. 23 - май. КирТАГ  –  Ош шаарындагы Курманжан датка орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү үлпөт салтанатында автоунааларда жүрүшкөнү аныкталган. Алар 11-май күнү жол тандабастарга түшүп алып Сулайман тоого эс алганы барышкан. Аларды жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кармап, автоунаалар айып токтотмого коюлган. Окуучулар ата-энелерине тапшырылган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, бул окуядан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылып, аталган мектептин жетекчилигине чара көрүүнү суранган. Натыйжада Курманжан датка орто мектебинин директору Каныкей Эргешова 16-май күнү өз арызы менен кызматтан кеткен.

Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына «Акыркы коңгуроо» майрамына карата акча чогултуп, белек алууга, кымбат автоунааларга түшүп, үлпөт куруп, кафе-ресторандарда сайрандоого Билим берүү жана илим министрлиги тыюу салган. Жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнө бул күндөрү күзөткө туруп, талапты аткарбаган бүтүрүүчүлөр менен алардын ата-эне, мугалимдерине, мектеп жетекчилерине чара көрүү тапшырылган. Буйрукту аткарбаган жетекчилерди кызматтан алуу сунушталган.

«Акыркы коңгуроо» майрамы республиканын мектептеринде 25-май күнү, саат 9:00 болот.

Айрым бүтүрүүчүлөр бул күндү кыйгап, ага чейин сайрандоочу иш-чараларын өткөрүүгө аракет кылган учурлары катталган.

Поделиться новостью: