КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:28 | 25 чын куран

«Манас» аэропортуна кошумча учуучу тилке ачуу үчүн 600 млн сом керектелет

Дата: 17:09, 18-09-2018.

Бишкек. 18 - сентябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. «Манас» аэропортуна кошумча учуучу тилке ачуу үчүн 500-600 млн сом керектелет. Бул жарандык авиациянын директору Курманбек Акышев билдирди.

«Бүгүнкү күндө «Манас» аэропорту багаждарды жеткирүү жана жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жетишип жатат. Бирок кошумча конотурган линия жана транзиттик зона керек. Анын үчүн 500-600 млн сом керек болот. Мен бул тууралуу бир канча жолу айткам. Маселен Түркияда транхзиттик зонадан адашып каласың. Биздик болсо стандартка жооп бербейт», - деди К. Акышев.

Ал транзиттик рейстерди кабыл алууга даяр экенин кошумчалады.

«Келечекте «Ачык асман» принциби кирет. Транзиттик залда пассажирлер төрт сааттап күтүп калып жатат. Андан кийин авиакомпаниялар тамак-аш менен камсыздашы керек болот. Орусиянын аймактык аэпропорттору «Ачык асман» багыты менен иштеп баштады. Биз да акырындык менен өтүшүбуз керек. Маселен Тамчыжана Ош аэропорттору бар», - деп кошумчалады К. Акышев.

Поделиться новостью: