Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов камакка алынды

Дата: 17:05, 08-04-2020.

Бишкек.8-апрель. КирТАГ – Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Биринчи май райондук сотунун 31-марттагы токтому менен Кимсанов 16-апрелге чейин камакка алынды. Учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турат. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун канцеляриясы «Азаттыкка» билдирди.

Эмилбек Кимсанов 31-мартта камакка алынганын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева "Азаттыкка" ырастады.

"Бирок эмне себеп менен камалганы бизге да ачык айтылган жок. Кимсанов эч кандай тартип бузган эмес эле. 16-мартта Ошко барып келүүнү суранып, кайра Бишкекке кайтып келген. 30-март күнү аны сотко чакырып, 31-мартта сот залынан эле камап коюшту", -деди Назгүл Сүйүнбаева.

Издөөдө жүргөн Эмилбек Кимсанов февраль айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Көп өтпөй Биринчи май райондук соту аны жаш балдары бар экенин эске алып, бөгөт чарасын үй камагына алмаштырган чечим чыгарган.

Эмилбек Кимсанов 14-февраль күнү кечинде «Фейсбуктагы» баракчасына спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусун жүктөгөн. Кайрылууда Рахманберди уулу Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу «бул тууралуу ооз ачсаң сага жана Эмилбек Кимсановго иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын билдирген.

ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсанов 2018-жылы Чүй облусунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоо боюнча шек саналып, аларга издөө жарыяланганын маалымдаган.

Поделиться новостью: