КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:53 | 19 чын куран

Мамлекеттик айыптоочу Сапар Исаковду 15 жылга кесүүнү сунуштады

Дата: 18:19, 27-11-2019.

Бишкек. 27-ноябрь. КирТАГ – Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун иликтөөсү аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Айыпталуучулардын тизмесинде Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лаврова бар. Иликтөө аяктагандыгына байланыштуу сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү.

27-ноябрда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук кароодо мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөзгө чыгып, соңку сөздөрүн айтышты.

Мамлекекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен толук таанышыңыз:

Сапар Исаков — Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча 15 жылга эркинен ажыратылсын. Ошондой эле мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы "Манас" ордени жокко чыгарылсын. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

Айбек Калиев — Кылмыш-жаза кодексинин 215 жана 59-беренелери боюнча 17 жылга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, Ардак грамотасы, "Даңк" медалы жокко чыгарылсын. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин. Ошондой эле 2011-жылы чыккан Toyota Land Cruiser Prado 150 үлгүсүндөгү унаасын сатуудан түшкөн 1 627 801 сом мамлекеттин эсебине алынсын;

Жантөрө Сатыбалдиев — Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

Осмонбек Артыкбаев — абалын эске алуу менен жеңилдетилген жаза берилсин. Тагыраагы, мамлекетке 100 миллион сом кайтарып берсин. Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен 50 миң эсеп көрсөткүчү (5 миллион сом) боюнча айып салынсын. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

Салайдин Авазов — Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;

Жолдошбек Назаров — Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси менен 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин;




Поделиться новостью: