КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:04 | 29 жалган куран

М. Абылгазиев Балыкчы шаарындагы айланма жолдун курулушун аяктоону тапшырды

Дата: 11:32, 15-07-2019.

Бишкек. 15 - июль. КирТАГ –  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчы шаарынын айланма жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы курулуш иштери жүрүп жаткан тилкелерди көрүп чыгып, жалданма уюмдар жана жергиликтүү жашоочулар менен маектешти.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, учурда Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун реконструкциялоо долбооруна ылайык Балыкчы шаарынын айланма жолунда жасалма курулуштарды куруу, коммуникацияларды орнотуу жана суу өткөрмө түтүктөрүн коюп өтүү жүрүүдө.

Анын айтымында, айланма жолдун курулушуна 500 млн сом керектелет. Бул каражат Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун реконструкциялоо болжолдуу долбоорунда каралган эмес.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов белгилегендей, унаа жолун реконструкциялоонун баасы баштапкы пландагы 6 млрд 803 млн сомдон 8 млрд 785 млн сомго чейин көбөйгөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, унаа жолун реконструкциялоо долбоорунда бул сыяктуу чыгымдар эске алынган эмес, бирок айланма жолдун курулушуна зарыл каражаттар табылат.

«Бул маанилүү жолдун реконструкциясы тийиштүү эсептөөлөрсүз жана каржы булактары бекитилген долбоорсуз башталган. Мындай чечимдин кесепети бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн бюджетине оор жүк болуп жатат. Бирок өкмөт аталган жолдун курулушун быйылкы жылы аяктоо үчүн зарыл каражаттарды табат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев жана жергиликтүү жашоочуларга чыдамкайлыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өкмөт башчы бардык курулуш иштерин белгиленген планга ылайык сапаттуу аяктоону тапшырды.

Поделиться новостью: