КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:32 | 23 чын куран

Өлкөнүн облустук жана райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол коюлду

Дата: 11:28, 11-11-2019.

Бишкек. 11 - ноябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын Нарын жана Талас облустук сотторуна, Чүй облусунун Кемин райондук сотуна, Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат жана Чоң-Алай райондук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна 1 талапкер, Нарын облустук сотуна 2 талапкер, Талас облустук сотуна 2 талапкер, Ош облустук сотуна 1 талапкер, Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер, Чүй облусунун Кемин райондук сотуна 1 талапкер жана Ош облусунун жергиликтүү сотторуна 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 9 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы 5 талапкер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 9 талапкер дайындалды.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Поделиться новостью: