КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:21 | 25 чын куран

Кыйноонун алдын алуу борбору аида Салянова боюнча ЖАМКга кат жазат

Дата: 10:41, 15-07-2019.

Бишкек. 15 - июль. КирТАГ –  Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор камактагы мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигине кат жазат.

Борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Салянованы көрүп чыкканын «Азаттыкка» 14-июлда билдирди. Салянова Сулаймановго саламаттыгы начарлап, кыйналып жатканын айткан.

Буга чейин Аида Салянованын адвокаты анын ден соолугуна кабатыр болуп, дарыланышы керек экенин билдирген. ЖАМК Салянованын абалы көзөмөлдө экенин белгилеп, тынчсызданууга негиз жок экенин маалымдаган.

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгып, Орусияга кетишине байланыштуу ишке шек саналып, быйыл 3-июнда камакка алынган. 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары пневмония деген диагноз коюлганын айтып жатышат.

Поделиться новостью: