КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 0:02 | 25 чын куран

Кыргызтелеком өлкө боюнча 1564 объектти интернетке туташтырды

Дата: 17:55, 10-09-2019.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ – Кыргызтелеком өлкө боюнча 1564 объектти интернетке туташтырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында «Кыргызтелеком» ААК мектептерди, айыл өкмөттөрдү, медициналык мекемелерди, почталык байланыш бөлүмдөрдү Интернет түйүнүнө кошуу үчүн була-оптикалык кабель тартуу иштерин жүргүзүүдө.

Учурда Кыргызстанда 660 мектеп Интернет түйүнүнө туташтырылды.

Санариптешүүнүн алкагында өлкөдөгү аймактык медициналык мекемелер бүткүл дүйнөлүк маалыматтык түйүнгө жеткиликтүү болот. Бүгүнкү күндө 643 медициналык мекеме (оорукана, бейтапкана, ГСМ, эмкана) кошулду. Бул дарыгерге электрондук түрдө жазылуу, так диагноз коюу үчүн анамнезди берүү (оорунун тарыхы жөнүндө маалымат, бейтаптын жашоо шарты, кандай илдет менен ооругандыгы ж.б.у.с,) жеринде  жаш медициналык кызматкерлер арасында семинарларды уюштурууну шарттайт. Жылдын аягына чейин 900гө жакын медициналык мекемени Интернет түйүнүнө туташтыруу пландалды.

Интернетке 292 айыл өкмөтү кошулду, жыл аягына чейин дагы 161 айыл өкмөт туташтырылат.

«Кыргызтелеком» ААК Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн була-оптикалык байланыш линиялары боюнча Интернет түйүнүнө төмөнкүлөр кошулду:

- Башкы прокуратуранын 71 аймактык түйүнү;

- КР ИИМдин 113 пункту;

- КР ЖАМКтын 28 түйүнү;

- КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин 176 пункту,  аскер комиссариатынын 56 түйүнүн кошкондо;

- КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаменттин 115 аймактык пункту:

- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын 20 түйүнү.

Учурда КР ИИМдин алыскы аймактардагы 10 аймактык пунктун Интернетке туташтыруудагы техникалык мүмкүнчүлүктөрүн издөө боюнча жумуштар жасалууда. Ошондой эле  КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармылыгы маанилүү делген постторуна видеокамераларды орнотууга негиз боло турган  32 түйүндү Интернетке туташтыруу боюнча жумуштар жасалууда.

Кыргызтелеком КРдин Салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүн (28 даректүү түйүнү кошулду)  КРдин Улуттук статистика комитети (54 даректүү түйүнү), КРдин Социалдык фонду (49 даректүү түйүнү), ADSLден була-оптикалык кабелге которуу боюнча жумуштарды жасап жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын жана Мамлекеттик бажы кызматынын 5 көзөмөл – өткөрүү пунктун була-оптикалык кабель боюнча Интернетке туташтыруу иштери жүрүп жатат.

Кыргызтелеком 2019-жылдын аягына чейин 402 почталык байланыш бөлүмүн була-оптикалык кабель боюнча Интернетке туташтырууну пландап жатат. Почталык болүмдөрдү Интернет менен камсыз кылуу аркылуу КРдин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кызмат көрсөтүүсүнүн кулачы кеңейет (төлөмдөрдү кабыл алуу, электрондук почта жана башкалар

Поделиться новостью: