КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:22 | 19 чын куран

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,8%га кыскарып, 5 млрд. долларды түздү

Дата: 12:02, 12-11-2019.

Бишкек. 12 -' ноябрь. КирТАГ - Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,8%га кыскарып, 5 млрд. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода кылуусу алдын ала маалыматтарга караганда 2019-жылдын январь-сентябрь айларында 5,0 млрд. АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь-сентябрь айларына караганда 2,8 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда экспорттук ташып чыгуулар 11,7 пайызга көбөйсө, ал эми импорттук ташып келүүлөр тескерисинче, 7,3 пайызга кыскарган.

Ал эми ЕАЭБ биримдигине кирген өлкөлөр менен өз ара сооданын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрь айларында 1,9 млрд. га жакын АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь-сентябрь айларына караганда 2,9 пайызга азайган. Ошол эле учурда экспорттук ташып чыгуулардын 3,6 пайызга кыскарганы катталса, импорттук ташып келүүлөр да 2,8 пайызга кыскарган. ЕАЭБ биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен өз ара сооданын эң көп бөлүгү Россияга (61,4 пайыз) жана Казакстанга (36,4 пайыз) туура келген.

Поделиться новостью: