Кыргызстандын курама командасы Тажикстан менен тең ойноп, F тайпасындагы экинчи ордун сактап калды
Дата: 08:11, 20-11-2019.
Бишкек. 20 - ноябрь. КирТАГ –Кыргызстандын курама командасы Тажикстан менен тең ойноп, F тайпасындагы экинчи ордун сактап калды.
Бишкекте өткөн оюнда Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары 1:1 эсебинде тең чыкты.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Эки команда тең 2022-жылы боло турчу Дүйнө чемпионатынын тандоо турларынын алкагында F тайпасындагы экинчи ордун сактап калуу үчүн ат салышты.