КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:32 | 29 жалган куран

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиев издөөгө алынды

Дата: 09:34, 15-07-2019.

Бишкек. 15 - июль. КирТАГ –  Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиев издөөгө алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМден белгилешкендей, Тергөө кызматы тарабынан Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү ("Коррупция") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Ал сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиев издөө алынган.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Поделиться новостью: