КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 11:36 | 16 чын куран

Кыргызстанда жыл башынан бери Улуу Ата Мекендик согуштун 65 ардагери көз жумган

Дата: 11:47, 18-07-2019.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ –  2019-жылдын июль айына карата республикада Улуу Ата Мекендик согуштун 326 ардагери жашайт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиргендей, 2019-жылдын башында 391 согуш ардагери жашап жаткан. Бул убакыттын аралыгында 65 ардагер көз жумган.

Ведомствонун маалыматы боюнча учурда эң жаш ардагерлер 93-95 жаш куракта. Ардагерлерден тышкары өлкөдө 2064 ооруктун эмгекчилери жашайт.

Улуу Ата Мекендик согуштун 326 ардагери бар. Анын ичинен:

- Согуштун катышуучулары — 206;

- Согуштун майыптары — 82;

- Ленинград блокадчылары — 22;

- Концлагерлердин жашы жете элек туткундары — 16.

2010-жылдын 1-январынан баштап Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын 7000 сом өлчөмдө акчалай компенсация төлөнүп берилет. Стипендия ай сайын 10 000 сом өлчөмдө төлөнөт.

Андан тышкары Жеңиш күнүнө согуштун ардагерлерине жылына өкмөт тарабынан 15 000 сом өлчөмдө жөлөк пул төлөнөт. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан согуштун ардагерлерине 15000 сом өлчөмдө жөлөк пул төлөнөт. Ал эми ооруктун катышуучулары стипендия менен жөлөк пул алышат. Жеңиш күнүндө жыл сайын 10 миң сомдон берилет.

Поделиться новостью: