КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 17:26 | 25 чын куран

Кыргызстанда жыл башынан бери мыйзамсыз аңчылык кылган 32 факты аныкталды

Дата: 16:09, 12-07-2019.

Бишкек. 12 - июль. КирТАГ –  Кыргызстанда жыл башынан бери мыйзамсыз аңчылык кылган 32 факты аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов кабарлаган.

Анын айтуусу боюнча, 2019-жылдын биринчи үч айында аңчылык кылуунун талаптарына жооп бербеген 32 факты аныкталган. Андан келтирилген зыян 1 млн. 41 миң 455 сомду түзгөн.

24 иш боюнча 271 миң 655 сом кайтарылган, жаныбарлар дүйнөсү боюнча 1 млн. 18 миң 955 сомго 30 протокол толтурулган. Ал эми 22 миң 500 сомго башка бузуулар - 2 иш.

“Сот менен прокуратурага 689,5 миң сомго зыян келтирилген 4 иш жөнөтүлгөн. Алардын ичинен эки иш боюнча 17 миң сом кайтарылган, 672,5 миң сом суммасындагы 2 иш сот жана прокуратура органдарында каралууда. Андан тышкары, 97 миң 300 сомду түзгөн 6 иш чарбасында калган”, - дейт Рустамов.

Поделиться новостью: