Кыргызстанда жыл башынан бери 4,8 миң турак үй экспулатацияга берилди
Бишкек. 15 - август. КирТАГ – Кыргызстанда жыл башынан бери 4,8 миң турак үй экспулатацияга берилди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
«2019-жылдын январь-февраль айларында жалпы аянты 551,3 миң чарчы метрди түзгөн 4,8 миң жеке турак жай экспулатацияга берилди. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 15,1%га өстү»- деп айтылат маалыматта.
Негизинен Ош, Жалал-Абад, Чүй облусу жана Бишкек шаарында үйлөр оңдолгон.
Өткөн жылга чалыштырмалуу жеке турак-жайлар аймактарда көп курулган. Жалал-Абад облусунда 29,5%, Ош шаарында 22,9%, Бишкек шаарында 17,5%, ошондой эле Ош облусунда 14,5%га көбөйгөн.