Кыргызстанда өткөн жылы 3 955 өрт кырсыгы катталган
Бишкек. 29 - январь. КирТАГ –Кыргызстанда 3 955 өрт кырсыгы (2018-ж. – 4808) катталып, өрттүн кесепетинен 50 (2018-ж. – 59) адам каза болгон, анын ичинен 7 (2018-ж. – 10) жаш балдар. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Бул статистика 2018-жылга салыштырмалуу жакшырган. Атап айтсак үгүт-насаат иштерин сапаттуу жүргүзгөндүктөрүнүн натыйжасында өрттүн санын -17,7% га, адам өлүмүн -15,3%га чейин кыскартууга жетишти.
Ал эми Куткаруулардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 33.3% көбөйгөн - республика боюнча ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 276 адам өмүрү куткарылган