Кыргызстанда сүт 10 %га кымбаттады
Бишкек. 27 - ноябрь. КирТАГ – Кыргызстанда сүттүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу 3,38 сомго (10,1%) кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка караганда, сүт Жалал-Абад шаарында эң кымбат сатылган. Баткен, Ош, Өзгөн шаарларында болсо сүттүн литри 40 сомду түзгөн.
Ал Кара-Суу базарында сүттүн литри 25 сом, Покровка айылында болсо 20 сомдон сатылган.
Сүттүн баасы өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Өзгөндө 33,3%, Жалал-Абадда 25,8%, Балыкчыда 19,1% жана Токмокто 17,8%га кымбаттаган. Сүттүн кымбатташы аба-ырайына байланыштуу экени айтылууда.