Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 130 кишиге жетти
Дата: 11:36, 03-04-2020.
Бишкек. 3 - апреля. КирТАГ - Акыркы сааттардагы маалыматтар боюнча дагы 14 кишиден коронавирус табылды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 130 кишиге жетти. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Кооптуу илдеттен Ноокат районунун 61-жаштагы тургуну каза болду. Дарыгерлер көз жумган жарандын башка оорусу да болгонун айтууда.