КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:52 | 16 чын куран

Кыргызстанда коронавирус катталган жок

Дата: 15:26, 27-01-2020.

Бишкек. 27 - январь. КирТАГ - Коронавирус илдетин алдын алуу жана аныктоо боюнча бардык тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында бир дагы бул дартты жуктуруп алуу фактысы катталган жок, Кытай Эл Республикасынын чек арасында жайгашкан бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана эл аралык аэропорттордо дарттын белгилерин аныктоочу тепловизорлор иштеп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 27-январда «Манас» эл аралык аэропортунда жана «Акжол-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүнүн жүрүшүндө билдирди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев ошондой эле текшерүү менен «Токмок—Автодорожный», «Кен-Булун—Автодорожный» жана «Ак-Тилек—Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пукттарына барды.

«Биз Кытай Эл Республикасында тарап жаткан илдеттин алдын алуу жана аныктоо жаатында санитардык-карантиндик көзөмөл пункттардын даярдыгын текшердик. Кыргызстандын аймагында бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган жок деп айта алам», — деди Дамир Сагынбаев. Ал бул тууралуу маалыматты КР Саламаттык сактоо министрлиги жана башка тиешелүү органдар дайыма берип турарын эскертти.

Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 1-январынын тартып Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында Кытай менен чектеш көзөмөл-өткөрүү пункттарында, «Манас» аэропортунда жана Ош шаарынын аэропортунда күчөтүлгөн санитардык-карантиндик пункттар ачылганын белгиледи.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 23-январында Кытай Эл Республикасы менен чектешкен бардык көзөмөл-өткөрүү пункттары жабылган.

«Бул чечим Кытай Эл Республикасында ай календары боюнча Жаңы жылдык майрамдоолорго байланыштуу кабыл алынган. Ошондой эле 24-январдан тартып Кыргызстан-Кытай ортосунда каттаган бардык авиарейстер, өзгөчө негизги каттам болуп саналган Үрүмчү каттамы токтотулду. Бул авиакаттам 2020-жылдын 31-январына чейин токтотулду», — деп белгиледи ал.

Дамир Сагынбаев Саламаттык сактоо министрлиги алдында республиканын бардык аймактарында абалды текшерип туруу үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб ачылганын маалымдады.

Кыргызстандын аймагына кирген жарандардын абалы тууралуу ар бир көзөмөл пунктунан саат сайын маалымат берилип турат.

Поделиться новостью: