Кыргызстанда көмүр 3%га арзандады
Бишкек. 21 - февраль. КирТАГ – Кыргызстанда көмүр күн сайын арзандап жатат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 20-февралда көмүрдүн баасы январь айына салыштырмалуу 3,0 пайызга арзандап, 135,03 сомду түзгөн. Февралдагы бааларды алатурган болсок Ноокат шаарында (тоннасы 7 397,65 сом), Баткен (тоннасы 6 676,43 сом) жана Кара-Суу (тоннасы 6 245,00 сом) шаарларында башка аймактарга салыштырмалуу кымбатыраак сатылган.
Муну менен катар акыркы айда Баткен көмүрдүн бир тоннасы 609,36 сом, Исфанада 500,33 сом, Жалал-Абад шаарында 489,89 сом жана Покровка айылында 500,00 сомдон сатылып, 11,1 пайызга арзандаганы байкалган.