КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 20:30 | 25 чын куран

Кыргызстанда ички дүң продукт 6,4% өстү

Дата: 13:52, 11-07-2019.

Бишкек. 11 – июль.  КирТАГ  –  Алдын ала эсеп боюнча, 2019-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукттун көлөмү 232 млрд. сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-июнь айында ички дүң продуктунун көлөмү 207 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайызга пайызга өстү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январь-июнунда 127 млрд. сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 19,7 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн (1,5 эсеге) металл кендерин казып алуунун (1,4 эсеге), көмүрдү өндүрүүнүн (22,6 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (14,1 пайызга), текстиль жана кийимдерди (15,3 пайызга) өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,7 пайызды, курулушта 5,5 пайызды жана дүң жана чекене соодада өсүү 4,7 пайызданды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

2019-жылдын башынан бери мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу, керектөө баалары жана тарифтери республика боюнча жалпысынан 0,3 пайызга жогорулаган.

Керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөөсү Ош облусунда 0,3 пайызга жана Ош шаарында 0,7 пайызга байкалган. Ошону менен бирге, баалардын жана тарифтердин эң көп жогорулашы (3,1 пайызга) Ысык-Көл облусунда байкалган. Анын ичинде, негизинен баалар азык-түлүк продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга 6,3 пайызга жогорулаган. Баалардын жана тарифтердин эң көп жогорулашы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына - Ысык-Көл облусунда 4,5 пайызга, кызматтарга - Талас облусунда 1,4 пайызга, азык-түлүктүк эмес товарларга – Ош шаарында 0,4 пайызга болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылдын январь-май айында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2,7 млрд. АКШ долларын түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 2,6 пайызга төмөндөгөн. Ошону менен бирге, импорттук келип түшүүлөр 4,7 пайызга төмөндөгөн, ал эми экспорттук жеткирүүлөр 3,7 пайызга жогорулаган.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен, 2019-жылдын январь-май айында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 997 млн. АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь-майына салыштырмалуу 4,6 пайызга жогорулаган. Анын ичинде, экспорт 24,3 пайызга төмөндөгөн, ал эми импорт 16,6 пайызга жогорулаган.

Өлкөбүздүн ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен болгон соода жүгүртүүсүндө алдынкы орунда Россия (59,1%) менен Казахстан (38,6%) турат.

Поделиться новостью: