Кыргызстанда 19 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды
Бишкек. 7 - апрель. КирТАГ - Кыргызстанда 19 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Абдикеримовдун айтымында, 7-апрелде Ош облусунан 12 киши коронавирус жуктурганы аныкталган. Алардын баары медицина кызматкерлери жана лабороторияда иштегендер.
Буга чейин маалым болгондой, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 228 кишиге жетти. Алардын көпчүлүгү Ош жана Жалал-Абад облусунан экендиги айтылууда.