КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:42 | 19 чын куран

Кыргызстан Сауд Арабия фонддору менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо

Дата: 15:11, 10-09-2019.

Бишкек. 10 - сентябрь. КирТАГ –Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы маданият менен диндин жалпылыгы, руханий, адеп-ахлактык баалуулуктар, ошондой эле өз ара кызматташууга ак ниет менен умтулуу  Кыргызстан жана Сауд Арабиясын бириктирип турарын белгиледи.  

«Биз сиз менен көрүшүп жатканыбызга кубанычтабыз. Биздин өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө аракеттешип, айыл чарба, саламаттык сактоо, суу менен камсыз кылуу, ирригация, мектептерди менен жолдорду куруу тармагындагы бир катар долбоорлорду колдогондугуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Баткен жана Талас облустарындагы 61 айылды камтыган, суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу боюнча долбоорго кол коюлгандыгына кубанычтабыз», - деп Премьер-министр белгилеп, Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында  Президент Сооронбай Жээнбеков ирригация, билим берүү, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.  Бул маселелер Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынан.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап биргелешкен долбоорлор менен иштешүүгө даяр экенин жана мындан ары Сауд өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча кызматташууну кеңейтүүгө ишенимин билдирди.

Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорунун кеңешчиси Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычык билдирди.

Ал Сауд өнүктүрүү фонду ар кыл багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасы менен натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууну колдой турганын белгиледи.  

Поделиться новостью: