КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 8:11 | 29 жалган куран

Кыргызстан менен Өзбекстан жер тилкелерди бирдей бөлүп алды

Дата: 12:28, 12-09-2019.

Бишкек. 12-сентябрь. КирТАГ –Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн администрациясы «Азаттыкка» Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидан суу сактагычынын айланасындагы Кыргызстанга караштуу 407 гектар аянт Өзбекстандын ушул эле район менен чектешкен, Гүлбаар айылынын жанындагы ушундай эле аянттагы тилкеси менен алмаштырылганын билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары, чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөсү Байыш Юсуповдун сөзүнө таянып кабарлагандай, алмаштырылган жер тилкелери бирдей көлөмдө.

Кыргызстандын Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Гүлбаар айылы Ош шаарынан чыгып бараткан автожолдун Араван районуна кире бериш жерине туура келет. Жолдун оң четинде Өзбекстандын чек ара зымдары тосулуп турат. Өкмөт билдиргендей коңшу өлкөдөн ушул жерден алына турган тилке чек ара тосмолорун ары жылдырууга негиз берет.

Нуркыз Кадырбек кызы аталган тилкелерди алмаштыруу мурдатан кыргыз тараптын демилгеси болуп келгенин, акыркы келишимдерде аны делимитациялоо боюнча макулдашууларга жетишилгенин кошумчалады. Ал келишимдер качан кабыл алынганын тактап бере алган жок.

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Өзбек аскерлери чек арада атайын техника менен турганы тартылган видеолор Интернетте тарап жатты.

Жергиликтүү бийлик аталган тилке коңшу өлкөнүн башка аймагы менен алмаштырылганын, делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө элек экенин мойнуна алган. Кыргыз тараптын жүйөсүндө тараптар толук макулдашкыча Өзбекстандын зым жана белгилерди коюуга укугу жок болгон. Өкмөт соңку сүйлөшүүлөрдөн кийин коңшу өлкө тосмо коюу ишин убактылуу токтотуп турат деп ишендирүүдө.

2015-жылы да Аравандын аталган суу сактагычындагы 400 гектардай жерди Өзбекстандын тосуп алганы кабарланып, жергиликтүү эл нааразылык акциясына чыккан. Анда тилке Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабар тараган. «Азаттыктын» кабарчысы жерине барып, элдин жана жергиликтүү тургундардын да ойлорун угуп келген.

Поделиться новостью: