КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 21:05 | 25 чын куран

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы туруктуулукту камсыздоо максатында жерлери менен алмашаары күтүлүүдө

Дата: 12:35, 08-04-2019.

Бишкек. 8-апрель. КирТАГ –  КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы 4-апрелден 6-апрелге чейин Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйынына катышты.

Тажикстан делегациясынын башында Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Азим Иброхим турган.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган участкаларынын долбоордук сызыктарын түшүрүүнү улантуу, чек ара тилкесинде камтылган жана ар кай жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер участкалары менен алмашуу жана мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелеринде туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле ири масштабдуу делимитациялык топографиялык карталарды түзүүнү аяктоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын Протоколуна кол коюлду. Тараптар өз ара пайдалуу негизде тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара сызыктарын аяктоого даярдык билдиришти, бул чектеш аймактардагы туруктуулуктун жана коңшулаштыктын кепилдиги болот.

Поделиться новостью: