КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 19:15 | 16 чын куран

Кыргызстан менен Канаданын өкүлдөрү кызматташууну өнүктүрүү жолдорун талкуулашты

Дата: 16:44, 21-11-2019.

Бишкек. 21 – ноябрь. КирТАГ – Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров Евробиримдиктин өкүлү жана Канаданын премьер-министри менен жолукту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Канаданын Кыргызстандагы элчиси Николя Бруссо да катышты.

М. Бакиров Кыргызстан Канада менен парламенттик демократияны өнүктүрүү багытында кызматташууга кызыктар экенин билдирди.

«Бизде Канада парламенти менен кызматташууга толук мүмкүнчүлүк бар. Биз мыйзамдын үстөмдүгү, демократиялык принциптер сакталган, адам укугун сыйлаган өлкөбүз», - деди Бакиров.

С. Дион Кыргызстандын парламентине чакырылгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Биз демократиялык принциптерди жана мыйзамдын үстөмдүүлүгүн жогору баалайбыз. Бул шарттарды биз кызматташтыкты өнөктүрүп, Кыргызстандын экономикасына инвестиция салгыбыз келет», - деди С. Дион.
Ал ошондой эле Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр оңунан чыгып жатканын кошумчалады.

«Кумтөр боюнча өкмөт иштеп жатат. Бул жерде экономика менен бирге экологияны карашыбыз керек», - деди Бакиров.

Поделиться новостью: