КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:44 | 24 чын куран

Кыргызстан баалуу таштарды өлкөдөн чыгаруу жана киргизүү жөнүндө Кимберли процессин тастыктоо эл аралык схемасына кошулду

Дата: 09:48, 16-07-2019.

Бишкек. 16 – июль.  КирТАГ –  Кыргызстан Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасына кошулду. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим баалуу таштарды Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташып кирүү жана Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө Жобону ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Мындан улам Кыргызстан «Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасына кошулууга макулдугун билдирүү жана муну менен бирге Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасын эске алуу менен тиркемеге ылайык иштетилбеген табигый алмаздарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу Эрежелерин бекитүү чечими кабыл алынды.

Кимберли процесси – эл аралык өкмөттөр аралык демилге, негизги максаты дүйнөлүк рынокко «кандуу» же «чырлуу» деп аталган алмаздардын – мыйзамсыз алынган, аларды сатуудан түшкөн каражаттар аймактык чатактарды жана эл аралык террористтик топторду каржылоого багытталган баалуу таштардын кирүүсүнө каршы күрөшүү болуп саналат.

Кимберли процесси эл аралык уюм болуп саналбайт, анын туруктуу кеңсеси же туруктуу кызматкерлери жок.

Кимберли процессинин алкагында алмаздарды сатууну жөнгө салган негизги документ – Кимберли процессинин Сертификациялоо схемасы. Анын максаты – мыйзамсыз алынган алмаздарды, анын ичинде куралдуу жаңжалдар аймактарында кадимки товар жүгүртүүгө аралашуусун четтетүү.

Кимберли процессине кошулган мамлекет өзүнүн улуттук шарттарына, каакда-салттарына жана алмаз рыногундагы ордуна ылайык улуттук сертификациялоо схемаларын иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.

Поделиться новостью: