КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 12:21 | 29 жалган куран

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жаңы окуу жылы башталды

Дата: 16:46, 02-12-2019.

Бишкек. 2 - декабрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жаңы окуу жылы башталды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кошуундарында жана бөлүктөрүндө жаңы окуу жылы башталды. Планга ылайык 2019-жылдын 2-декабрынан 5-декабрына чейин аскерлерде күжүрмөн даярдык боюнча тактикалык-катардык көнүгүүлөр өткөрүлөт.

Окуу жылынын башталышынын алгачкы күнүндө КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабында, аскер бөлүктөрдөрдө жана мекемелерде КР коргоо иштери боюнча комитетинде,Кургактагы аскерлерде, Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүндө, Улуттук Гвардияда, чек-ара кызматтарында жаңы окуу жылынын башталуусун белгилеген митингдер болду.

Көнүгүү сабактарынын жүрүшүндө аскер кызматчылары Борбордук Азия аймактарындагы учурдун аскердик-саясий абалы жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана коомдук өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышып чыгышты.

Ошондой эле, көнүгүү сабактарынын жүрүшүндө мобилизациялык даярдыкка тиешелүү маселелер иштелип чыгат, өздүк курамдын күжүрмөндүүлүгүн арттыруу иштерин дагы карашат.

Көнүгүү сабактарынын жыйынтыктоочу практикалык элементи болуп аскерлерди жана башкаруу органдарынын жогорку даражадагы күжүрмөн даярдыкка алып келүүчү комплекстүү машыктыруу саналат.

Жаңы окуу жылынын башталышына чейин ага даярдык көрүү маселесинде Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилеринен турган топ коргоо ведемствосунун кошуундарында, мекемелеринде жана бөлүктөрдө күжүрмөн жана мобилизациялык, аскер кызматчыларынын адистик деңгээлин, офицерлер менен прапорщиктердин дене тарбиялык жана катардык даярдыктарын, күжүрмөн тапшырманы аткарууга карата нөөмөтчү күчтөр менен каражаттардын комплекстүү даярдыгын, аскердик тартип менен аскерлер кызматынын абалын, ошондой эле бөлүктөрдүн материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалуусун текшерүү масатында болгондугун белгилеп койсок болот.

Поделиться новостью: