КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:58 | 29 жалган куран

«Кыргыз почтасы» ишканасына 18 унаа берилди

Дата: 15:44, 18-06-2019.

Бишкек. 18 -июнь. КирТАГ –  Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Республиканын бардык аймагы боюнча почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу» үчүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына 18 автоунааны тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан 1993-жылдын 26-январынан баштап Дүйнөлүк почта уюумунун толук укуктуу мүчөсү болуп саналат. Уюмдун максаты – почта кардарларын сапаттуу тейлөө, планетанын бардык жашоочуларынын ортосунда байланыштарды өнүктүрүү.

«Почта коомдун өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт. «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасында 922 көп тармактуу объект иштейт. Анда калкты тейлөө боюнча 363 маалыматтык киоск жайгашкан. Алар 2017-жылдын аягында иштеп баштаган мезгилден бери 505 миң 460дан ашык ар түрдүү багыттагы кайрылуулар келип түшкөн. Өкмөт «Кыргыз почтасын» жаңыландыруу, жакшыртуу, модернизациялоо боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүүдө. Мунун баары калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн арзан, бат жана жеткиликтүү болушун камсыз кылууда. Санариптештирүүнүн алкагында 363 маалыматтык киосктун ачылышы калкты тейлөө иштерин кыйла жакшыртты», - деди Замирбек Аскаров.

Мындан тышкары «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында почта байланышынын маанилүү ролун баса белгилей кетүү зарыл.

Вице-премьер-министр эске салгандай, «Кыргыз почтасы» социалдык төлөмдөр боюнча кызмат көрсөткөн жалгыз оператор болуп саналат. Ар бир почта түйүнүндө Интернетке кошулган банкоматтар орнотулган. Учурда 460 почта бөлүмү интернетке кошулду. Почта аркылуу республика ичинде, өлкөдөн тышкаркы 7 мамлекет менен акча которуулары жүргүзүлүп жатат. Дүйнөлүк сайттар аркылуу онлайн соода-сатыктар өнүгүп, жөнөтмөлөрдү жиберүү 30% га, Бишкекте 70% га чейин көбөйдү.

Замирбек Аскаров билдиргендей, өлкө ичинде курьердик кызматтарды киргизүү пландалууда.

Эл аралык кызматташууга басым коюулууда. Вице-премьер-министр кошумчалагандай, Дүйнөлүк почта уюму тарабынан “Кыргыз Республикасынын аймагына почталарды жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу” боюнча долбоору колдоого алынып, Уюм 120 миң АКШ долларын бөлгөн. Анын алкагында Уюм «Кыргыз почтасы» үчүн «Лада» үлгүсүндөгү 18 унааны сатып берди.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баса белгилегендей, өкмөт тараптан «Кыргыз почтасы» ишканасына мындан ары карай да көмөк көрсөтүлө берет.

Поделиться новостью: