КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:23 | 29 жалган куран

Кыргыз-казак чегарасынан контранбандалык жыгачтарды ташып келаткан 13 унаа кармалды

Дата: 12:20, 10-12-2019.

Бишкек. 10 - декабрь. КирТАГ –Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан Кыргызстанга жыгач жана башка курулуш материалдарын мыйзамсыз алып кирүү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Чоң-Капка” контролдук-өткөрмө пунктунан жыгач материалдар менен 13 унаа кармалган. Кароонун жүрүшүндө ар бир унаада 20 кубметр жыгач материалдары болгон. Айдоочуларда ташып келинген жүккө эсеп-фактура жок болгон.

Ушул эле пукнктта 350 миң сом суммасында сэндвич панелин, 135 миң сом суммасында желдетүүчү аба киргизүүчү материалдарды алып кирүүгө бөгөт коюлган. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

“Ак-Тилек авто жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан гипсокартон жана асбест түтүктөрүн ташыган 2 унаа кармалган. Кароо учурунда унаанын биринде эсеп-фактурадагы маалыматтар менен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр дал келген эмес: документте 510 даана гипсокартон көрсөтүлсө, иш жүзүндө 1360 даана болгон. 400 даана түтүк алып келе жаткан экинчи унаанын айдоочусунда электрондук эсеп-фактурасы болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Поделиться новостью: