КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:18 | 24 чын куран

Кумтөрдө жоголгон эки кызматкерди издөө иштери уланууда

Дата: 12:36, 03-12-2019.

Бишкек. 4 - декабрь. КирТАГ – Кумтөрдө жоголгон эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Маалыматка караганда, учурда жеринде 18 оор техника иштеп жатат.  Альпинистер дагы издөө иштерине кошулду.  Кескин түрдө жылган үйүлгөн жараксыз катмардын жалпы аянты: узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12,825,000м3.

Дайынсыз болуп жаткан эки адамдын болжолдуу калган жерлери адистер тарабынан аныкталып, учурда ошол аймакта техникалар иштеп жатат. Жалпысынан 94 куткаруучу тартылган: ӨКМден, Кумтор ишканасынан, кинологдор бар.  

Мамэкотехинспекциянын тоо-кең адистери чалгындоо иштерин жүргүзүп,  коркунуч туулган жерлерге атайын аспаптарды орнотуп тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Поделиться новостью: