КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:09 | 25 чын куран

КСДП фракциясынын парламенттик коалициядан чыга тургандыгы жөнүндө айтуу азырынча эрте – Шыкмаматов

Дата: 11:59, 19-03-2019.

Бишкек. 19 марта. КирТАГ – КСДП фракциясынын парламенттик коалициядан чыга тургандыгы жөнүндө айтуу азырынча эрте. Бул туурасында КирТАГ агенттигине  парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбек Шыкмаматов билдирди.

«Учурда партиянын саясый кеңешинде бир дагы легитимдүү бирдиктүү пикир жок. Алар эки топко бөлүнүп кетишти: бирөө Атамбаевди колдосо, экинчиси каршы чыгууда. Партиядагы ажырым Жогорку Кеңештеги фракцияга да таасирин тийгизүүдө. Башында Иса Өмүркулов турган фракциянын 34 депутаты президент Жээнбековду колдойт, калган төрт депутат: Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадаминов жана  Мухтар Айнакулов – Атамбаев үчүн», - деп түшүндүрдү Шыкмаматов.

Анын пикиринде, социал-демократтар съездден кийин гана кимисиники тура экенин укуктук талаада чечишет.

«Андыктан КСДП коалициялык көпчүлүктөн чыгаар-чыкпасын айтууга эрте. Бирок теорияда,  парламентарзмдин эрежелери боюнча фракция коалициядан чыгуусу керек. Бирок фракция бүгүнкү күндө партиянын чечимдерин кабыл албайт, эки жактан башкаруу болуп жатат. Саясый кеңештин чечиминен кийин баары түшүнүктүү болот. КСДПнын парламенттик фракциясы 3-апрелге курултай чакырып жатат, ал эми социал-демократтардын саясый кеңеши бул чечимди мыйзамсыз деп жарыялап КСДПнын курултайын 6-апрелге белгиледи», - дейт  А.Шыкмаматов.

Эске салсак, башында экс-президент Алмазбек Атамбаев турган Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы өзүн азыркы бийликке оппозиция деп жарыялады.

Буга чейин билдирилгендей, 17-мартта «Медиа Форум» имаратынын алдында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда митинг-реквием уюштурулуп, азыркы бийлик катаал сынга алынган.

2018-жылдын 31-октябрында КСДПнын саясый кеңеши КСДПнын парламенттик фракциядагы лидери Иса Өмүркуловду партиянын курамынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ошондой эле аны парламенттик фракциянын лидери кызматынан алып салуу боюнча сунуш киргизилген.

Депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, партиянын уставы жана программасы боюнча парламенттеги фракциянын лидери саясый кеңеш мене фракциянын ортосундагы байланыштыруучу звено болуп саналат. Бирок Өмүркуловдун марттан бери саясый кеңешке келбегендигин, партиянын лидери менен сүйлөшпөгөндүгүн, ошол эле убакта саясый кеңештин  чечимдерине саботаж кылгандыгын эске алганда фракциянын лидери партиянын максаттары жана тапшырмаларына каршы чыгууда», - дейт И. Карамушкина.
Иса Өмуркулов бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери бойдон калууда.  

Парламенттик көпчүлүктүн коалициясына КСДП, «Кыргызстан», «Бир Бол», «Республика – Ата Журт» фракциялары кирет.  Оппозицияда «Ата-Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары.



Поделиться новостью: