КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 1:57 | 20 чын куран

Кой-Ташта башынан жаракат алган полковник Курманкулов башка ооруканага которулду

Дата: 11:40, 13-09-2019.

Бишкек. 13-сентябрь.  КирТАГ – Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта жүргөн операция учурунда башынан жаракат алган Чүй облустук милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунан ошол эле шаардагы ден соолукту калыбына келтирүү жайларынын бирине которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

"Курманкулов реабилитациялык борборго 12-сентябрда жеткирилди, ал жакта дарылануусун улантат. Милиционердин абалы жакшырып бара жатат. Бирок толугу менен калыбына келүү үчүн убакыт талап кылынат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган болчу. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.

Ал эми 5-сентябрь күнү өз алдынча дем алып, сезүү органдары иштей баштаганда жандандыруу бөлүмүнө которгон.

Поделиться новостью: