Кореядан ташылып келаткан 2 миллион сомдук товар кармалды
Бишкек. 8 – июль. КирТАГ – Кыргыз-казак чек арасынан Корея Республикасынан мыйзамсыз ташылып келе жаткан парфюмерия товарлары кармалды.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 7-июлда «Чалдыбар» өткөрмө бекетинен казак жараны айдаган машиненин ичин текшеришкенде акциздик маркасы жана кыргызча же орусча аннотациясы жок 126 даана атыр табылган.
Жалпы баасы 2 миллион сомдон ашуун акча экени эсептелди. Товардын тиешелүү уруксат документтери да жок болуп чыкты.
Кыргызстандын базарында аткезчилик жолу менен ташылып келген товар көп экенин көз каранды эмес байкоочулар айтып келишет