КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:55 | 29 жалган куран

"Коопсуз шаардын" камерасын аткылап кетишти - ИИМ

Дата: 15:34, 25-06-2019.

Бишкек. 25 - июнь. КирТАГ  –  Бишкек — Торугарт унаа жолундагы "Коопсуз шаардын" камерасы иштен чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 25-июнда, саат 10:56да Аламүдүн райондук ИИБге камера жабыркаганы тууралуу билдирүү түшкөн. Укук коргоочулар Бишкек — Торугарт жолунун 10-чакырымындагы камера талкаланганын аныкташкан. Алдын ала маалымат боюнча, камераны аткылап кетишкен. Тапанчанын үлгүсү тактала элек.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки изилдөө иштери башталды. Чүй ОИИББдин жетекчилиги окуянын иликтенишин өз көзөмөлүнө алды.

Поделиться новостью: