КМШнын маалымат агенттиктери туризм жана маданиятты таанытууга макулдашты
Бишкек. 6 - сентябрь. КирТАГ – Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин маалымат агенттиктери туризм жана маданият тармагын көбүрөөк чагылдырууга макулдашты. Бул тууралуу КМШнын Маалымат кеңешинин 25-жылдыгына карата жыйында маалым болгонун ТАСС жазды.
«Маданият жана туризм тармагында ишти улантуу керек. Биздин өлкөлөрдүн жалпы жетишкендиктери катары меймандостук чагылдыруу мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жалпы милдети», - деп айтылат маалыматта.
«Маданият, уникалдуу табигый эстеликтер, тарыхый объектилер-бул улуттук идентификациябыз, достугубуздун негизин түзгөн факторлор», - деп белгиледи Калмыков.
Эске салсак, КМШнын маалымат агенттиктери 1995-жылы түптөлгөн. Курамына Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Россия жана Тажикистандын мамлекеттик маалымат кызматтары кирет.