Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү дайындалды

Дата: 17:34, 17-02-2020.

Бишкек. 17 - февраль. КирТАГ – Назирбек Борубаев Өкмөт Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Борубаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Поделиться новостью: